Айыл өкмөт башчылар окууда
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 175-т тескемесинин 4-пунктун аткаруу максатында Ысык-Көл облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу курстарынын План-графигинин негизинде 2024-жылдын 10-13 июнунда Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун айыл өкмөт башчыларынын окутуусу пландаштырылган жана өткөрүлдү.
Область боюнча 22 айыл өкмөт башчысы бар, окууга 21 өкмөт башчы катышты, бир айыл өкмөт башчы – Ак-Суу районунун Кыдыр-Аке айыл өкмөт башчысы белгилүү себептерден келбей калган.