Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат ордуна кадрлар резервине киргизүүгө конкурс жарыялайт.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар
Административдик кызмат орунунун улук тобу үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орунунун улук тобу үчүн квалификациялык талаптар:
1) Кесиптик билим деңгээли:
– юриспруденция чөйрөсүндөгү жогорку билим.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүк:
Билими:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
— «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо.
Билгичтиктер:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
— компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды билүү (Word, Excel, «ТОКТОМ МамлекетПро» маалыматтык-укуктук системасы).
Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
— кадрларды эсепке алуу боюнча баракчасы;
— жеке арызы;
— автобиографиясы (соттуулугу бар же жок экенин көрсөтүү менен);
— сүрөтү менен резюме;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— илимий даража жана илимий наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү (конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин түп нускасы көрсөтүлөт);
— толук маалымат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын веб-сайтында жайгаштырылган: www.archive.kg.
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Документтерди тапшыруу мөөнөтү 2024-жылдын 21-июнунан 2-июлуна чейин.
Көктөмөгө көктөлгөн документтерди саат 8:30дан 17: 30га чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек ш., Токтогул көч. 105, 26- иш бөлмө, телефон аркылуу маалымдама: 62-13-24.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлерге конкурска катышууга жол берилбейт