(Балыкчы шаарынын мэриясынын Аппарат жетекчиси  (Г-Б) бош административдик муниципалдык кызмат орду)

 

Башкы  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (экономика), (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маданият жана искусство, айыл чарба илимдери, гуманитардык илимдер, социалдык багытындагы илимдер);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы  стажы  же болбосо тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзам актыларын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”

Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана

муниципалдык кызмат жөнундө” Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”

Мыйзамын;

  1. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо

тартиби жөнүндө” Мыйзамын;

  1. Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу

жөнүндө” Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү”

Мыйзамын;

  1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы

№ 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш-

кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын”.

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

-, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана анын бирикмелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө”,  Мыйзамдарын билүүсү зарыл.

  • билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо, кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу, командада иштөө

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалым катты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, Балыкчы пресс фейсбук баракчасына  жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу календарлык күн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Балыкчы шаары Ж.Абдрахманов көчөсү 258

Балыкчы шаарынын мэриясы 3-кабат 32-кабинет

Кошумча маалыматты 0394432771

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.