Чүй районундагы Бурана айыл өкмөтү

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде башкы,улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна  кадрлар резервине киргизүү үчүн

АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиш керек :

  1. Башкы  административдик муниципалдык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдар:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

  1. Улук административдик муниципалдык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдар:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

  1. Кенжеадминистративдикмуниципалдык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдарды:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

  1. КыргызРеспубликасынын “Мамлекеттикжарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

Башкы  кызмат ордуна коюлуучу  квалификациялык  талаптар :

Башкы  административдик муниципалдык кызмат орундары учун квалификациялык талаптар

1.Башчынын орун басары-жооптуу катчы (Б-А 1бирд.)

1).Кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билим

 2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Эмгек кодекси,»Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»  ,»Кыргыз Республикасынын» ченемдик укуктук актылары, “ Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө»  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»

  «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө»,” Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” ,«Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө»

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”

  Улук кызмат  ордуна  коюлуучу  квалификациялык  талаптар (У-А), (У-Б)

2.Социалдык-эканомикалык  бөлүмүнүн башчысы (У-А 1бирд.)

1).Кесиптик билимдин деңгээли:

—  экономика жана финансы  , салыктар боюнча   багыттагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

КР Бюджеттик кодексин, КР Салык кодексин, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндөМыйзамын, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөМыйзамын, КР “салыктык эмес кирешелер  жөнүндөКодекс , КР “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө”,   “Инвестициялар жөнүндөМыйзамын  КР “Мамлекеттик сатып алуулар жонундо  “  Мыйзамы

 компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

3.Жер маселелери боюнча башкы адис (У-Б  1бирд.)

1).Кесиптик билимдин деңгээли:

-геодезия жана жерге жайгаштыруу,архитектура жана курулуш, топурак таануу,картография,агрономия,агрохимия жана топурак таануу,айыл чарба,зоотехника,юриспруденция багыттары боюнча жогорку кесиптик билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

КР “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»,   КР Жер кодексин, КР Турак-жай кодексин, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөМыйзамын,  “Айыл чарбасын өнүктүрүүМыйзамын, КР “Жайыттар жөнүндөМыйзамын, КР “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөМыйзамын., КР “Жарандык коргонуу жонундогу”  Мыйзамы,

4.Айыл чарба эканомикалык жактан өнүктүрүү боюнча башкы адис (У-Б 1 бирд.)

1).Кесиптик билимдин деңгээли:

—  экономика жана финансы  , салыктар боюнча   багыттагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

КР “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»,   КР Жер кодексин, КР Турак-жай кодексин, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын,  “Айыл чарбасын өнүктүрүү” Мыйзамын, КР “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамын., КР “Жарандык коргонуу жонундогу”  Мыйзамы,

5.Инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис

(У-Б 1 бирд.)

1).Кесиптик билимдин деңгээли:

—  экономика жана финансы  , салыктар боюнча   багыттагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын   Министирлер Кабинети жөнүндө»;

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө » Мыйзамы

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

 Кенже кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А,К-Б

6.Жетектөөчү адис – юрист (К-А 1бирд.)

1).Кесиптик билимдин деңгээли:

юриспруденция багыты боюнча жогорку кесиптик билим. 

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

иш стажына талаптар коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

КР “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»,   КР Жер Кодексин, КР Турак-жай кодексин, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;   «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзам ;    «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;Мыйзам

7.Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис  (К-А 1бирд. )

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— кенже кызмат орундары — муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку же болбосо орто кесиптик билим; ( гуманитардык, социалдык , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттары боюнча ).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Үй-бүлөө кодексин, КР Балдар кодексин, КР “Мамлекеттик  жѳлѳк пулдар  жѳнүндѳМыйзамын, КРӨнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №823-токтому менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобосун, КР “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндөМыйзамын.  КР “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө”,  

8.Кадр маселелери боюнча жетектөөчү адис  (К-А 1бирд. )

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— кенже кызмат орундары — мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим, муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

-кенже кызмат орундары — иш стажына талаптар коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды; Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө:

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»,

 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»,

«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндөгү №24-жарлык”», 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы иштеген жылдар үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө №25-жарлыгы жөнүндө”,  

Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №169 жарлык”.

9.Киреше жана чыгашалар боюнча адис  (К-Б 1бирд. )

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— кенже кызмат орундары — мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим, муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

-кенже кызмат орундары — иш стажына талаптар коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө»,

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»,  «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды; КР Бюджеттик кодекси, КР Салык кодекси, КР Бухгалтердик эсеп жөнүндө.

10.Эканомикалык маселелер, Санариптештирүү жана IT техналогиялар боюнча адис

(К-Б 1 бирд.)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— кенже кызмат орундары — мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим, муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

  • Иш тажырыйбасы каралбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»,

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»,  

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»,

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү

(Word, Excel, САНАРИП, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).

 Сынака катышуу үчүн төмөнкү  документтерди атайын папкага көктөп тапшыруу керек:

-Өздүк арыз (конкурска катышуу боюнча)

-Өздүк баракчасы -1 даана

-4х6 өлчөмүндө сүрөт 4 даана

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус  аркылуу тастыкталган)

-Паспорттун көчүрмөсү

-Резюме

-Дипломдун көчүрмөсү (нотариус  аркылуу тастыкталган)

-Өмүр баян

-Соттуулугу боюнча аныктама

 

 Жөнөткөн  документтери жана маалыматтары белгиленген талаптарга  жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

        Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 күн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек :

Чүй району, Ак-Бешим айылы, Дордош көчөсү 15, 

байланыш телефону :0755-333-168, 0500-228-641.