(Экономика, регионду өнүктүрүү, инвестициялар, туризм, реалдуу 

секторунун адиси-юрист)

 

Кенже  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим  (юриспруденция)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзам актылары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле: Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин” билүүсү зарыл.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга  жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана

практикада колдонуу;

-кызматтык милдетерге ылайык өз ишин натыйжалуу  пландаштыруу;

-жарандардын карылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий  тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө;

— көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

-формага ылайык кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча сүрөтү тиркелген;

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Сынакка катышуу үчүн баардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди  көктөмөгө көктөп, сайтка жарыяланган күндөн 2024-жылдын  16-июлунан  тартып  2024-жылдын 31-июлуна,  саат 17:00 го  чейин  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Түп айылы, Боромбай  көчөсү, 53.

тел. 2-43-85, 0701123178, 0708926552