Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Кемин райондук ветеринардык башкармалыгы улук жана кенже мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топтору үчүн

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— Компьютер жана мобилдик түзүлүштөр менен, компьютердик жана социалдык тармактарда, оргтехника менен иштей билүүсү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдонууну билүүсү.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн (ветеринар):

1. Кесиптик билим деңгээли:
— ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
Билим:
— “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” №108 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” жобо.

Жөндөмдүүлүк:
— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
— коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.
Көндүмдөр:
— ишкердик жазуу көндүмдөрү;
— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
— иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;
— компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн (башкы адис)

1. Кесиптик билим деңгээли:
— эсептөө техникасы жана маалымат технологиялары, табигый илимдер, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, техникалык илимдер, техносфералык коопсуздук, жаратылыш жайгашуусу жана гидрометеорология боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
Билим:
— “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” ПЖ № 24 Жарлыгы;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” ПЖ
№ 25 Жарлыгы.

Жөндөмдүүлүк:
— коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.
Көндүмдөр:
— ишкердик жазуу көндүмдөрү;
— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
— компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топтору үчүн (ветеринар)

1. Кесиптик билим деңгээли:
— ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Билим:
— “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” жобо.

Жөндөмдүүлүк:
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу.
Көндүмдөр:
— ишкердик жазуу көндүмдөрү;
— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
— иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын
билүү;
— компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык
камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

• жеке арызы;
• кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
• резюме (электрондук почтасын көрсөтүү менен);
• өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экенин көрсөтүү менен);
• паспорттун көчүрмөсү;
• соттуулугу тууралуу маалымкат;
• нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
• нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
• окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).

Конкурска катышуу үчүн документтер саат 17:00гө чейин, жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күнгө чейин (17-июлдан 26-июлга чейин) Кемин райондук ветеринардык башкармалыгына төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Чүй облусу, Кемин району, Кемин шаары, Жибек-Жолу көчөсү №117, телефон: 03135-54-010.

Конкурска катышуу боюнча чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге баруу жана келүү, турак жайды жалдоо, жашап туруу, байланыш каражаттарынын бардык түрлөрүн пайдалануу) жарандар өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүшөт.

Кабыл алынган талапкерлер конкурска чакырылат.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.
Толук маалымат веб-сайттарда жайгаштырылган:
— www/gvfi.gov.kg.