2024-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Агенттикте директор К.Б. Базарбаевдин Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хидэки Года мырза, Кыргыз Республикасындагы JICE, JDS жана JICA долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуу директор К.Базарбаевдин Японияга болгон мониторинг миссиясынын жыйынтыктарын талкуулоого арналды.
Агенттиктин директору К.Б. Базарбаев биргелешкен аракеттердин жана макулдашылган иштин аркасында Кыргыз Республикасында JDS Долбоорун ишке ашыруу башталгандан бери 18 стипендиат тобун түзүүгө жана жалпысынан 288 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутулгандын белгиледи.
Ал ошондой эле, окуудан кайтып келген стипендиаттардын 60% дан ашыгы мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөөнү улантып жатканын жана 50дөн ашык адам жетекчилик кызматтарда иштеп жаткандыгын кошумчалады.
Директор К.Б. Базарбаев мониторингдин жүрүшүндө тараптар келечекте активдүү кызматташа турган бир катар маселелер талкуулангандыгын белгилеп, JDS долбоору Кыргыз Республикасында узак мөөнөттүү негизде иш алып бараарына ишеним билдирип жана бул долбоор мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жаңы таланттарды аныктоого жана алардын кесиптик жана жеке өсүшүнө , ошондой эле алардын лидерлик потенциалын ачууга мүмкүндүк бере тургандыгын белгилеп кетти.