Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын, Алай райондук ветеринардык башкармалыгы

           Алай райондук ветеринардык башкармалыгы улук жана кенже мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.

Баардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын

 улук топтору үчүн

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын

кенже топтору үчүн

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

— Компьютер жана мобилдик түзүлүштөр менен, компьютерде жана социалдык тармактарда, оргтехника менен иштей билүүсү;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдоно билүүсү.

Ветеринария тармагындагы административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциялар:

            Билим:

— “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” №108 токтому;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын                                                7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” жобо.        

Жөндөмдүүлүк:

— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

            Көндүмдөр:

— ишкердик жазуу көндүмдөрү;

— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;

— компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү

Ветеринария тармагындагы административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенциялар:

            Билим:

  • “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;

  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын                                                7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” Жобо.

     

            Жөндөмдүүлүк:

— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу.

            Көндүмдөр:

— ишкердик жазуу көндүмдөрү;

— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;

— компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

 

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • жеке арызы;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
  • резюме (электрондук почтасын көрсөтүү менен), өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экенин көрсөтүү менен);
  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
  • окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү • бар болсо);
  • паспорттун көчүрмөсү;

Конкурска катышуу үчүн документтер 17:00гө чейин, жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күнгө чейин (17-июлдан 26-июлга чейин) Алай райондук ветеринардык башкармалыгына төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Ош облусу Алай району Гүлчө айылы М.Абдыкапаров көчөсү № 22 телефон: +996 (707) 003021

Конкурска катышуу боюнча чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге баруу жана келүү, турак жайды жалдоо, жашап туруу, байланыш каражаттарынын бардык түрлөрүн пайдалануу) жарандар өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүшөт.

Кабыл алынган талапкерлер конкурска чакырылат.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

Толук маалымат веб-сайттарда жайгаштырылган:

— www/ mkk .gov.kg.

— www/gvfi.gov.kg.