Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын кенже тобуна конкурс жарыялайт:

I.Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат ордуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика, бухгалтердик эсеп жана аудит, финансы.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажына талап коюлбайт.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 7-сентябрындагы ПЖ №267 “Аскер кызматчыларына, аскер кызматынан бошотулган адамдарга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктери жөнүндө”, 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыктырын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-октябрындагы № 620 “Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларынын акчалай акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-П “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун.
3.2.Билгичтиги:
— материалдык-жооптуу адамдардын товардык-материалдык баалуулуктарды жокко чыгаруу боюнча актылары, материалдык отчёттору менен иштөө тажрыйбасы болушу;
— кызматтарды жана материалдарды камсыздоочу менен эсептешүүлөрдү тактоону, камсыздоочуларды дебитордук карызды жабууну талап кылууну, кызматтарды жана товарларды, материалдарды камсыздоочу менен түзүлгөн келишимдин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү;
— материалдык баалуулуктарды алуу үчүн ишеним каттарды берүү жана каттоо журналын жүргүзүүнү;
— статистикалык отчеттуулукту даярдоону жана тапшырууну;
— аванстык суммалар боюнча отчётторду талдоону;
— Microsoft Word, Excel, Power Point, Outlook, Internet “1 С бухгалтерия” 8,2 версиясындагы ж.б. компьютердик программалары менен иштөөнү;
— жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмдүү болушу;
— аналитикалык жана стратегиялык иш-кагаздарын даярдоону, презентациялык жөндөмдүүлүгү болушу;
— кызматтарды, жумуштарды жана материалдарды камсыздоочу менен түзүлгөн келишимдердин реестрин түзүүнү;
— мамлекеттик мүлк фондусунун негизги каражаттары боюнча жылдык инвентаризация жүргүзүүнү.
3.3.Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.
Документтерди 2024-жылдын 16-августуна чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.612 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.32-33-85.