Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын ордуна конкурс жарыялайт:
I.Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат ордуна:
1.Кесиптик билим деңгээли:
-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык, архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштуруу, инженердик геология, техносфералык коопсуздук, гидрометеорология, геофизика жана гидрогеология, табият таануу илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, информатика технологиялары.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды — Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө” токтому;
— 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому,
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жөнүндө жоболору.
3.2.Билгичтиги:
— изилдөө технологиялары жана ыкмалары боюнча билими;
— алыстан жерди зондо программалары (RAMMS,FLOW-R, FLOW2D,HEC-RAS ж.б.)Илюстрациялык программалар, interment программалар боюнча билими;
— гидродинамикалык жана реологиялык моделдөө анализдеринин негиздерин билүү;
— маалыматтарды жыйноо, талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо боюнча билими;
— кооптуу табигий кырсыктар мониторинги боюнча отчетторду түзүү;
— жылына басып чыгуучу божомолдоо материалдарды түзүү;
— демилгелүү, жоопкерчиликтүү, командада иштөө жөндөмү болушу зарыл.
3.3.Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди маалыматтарды түзүү, презентация кылуу;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, резюмени, сүрөтүн, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— паспорттун көчүрмөсүн;
— эмгек китепчеси, нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
— керектүү кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтеридин нотариус аркылуу же персоналдарды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
Документтерди 2024-жылдын 20-августуна чейин КР ӨКМне караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү департаментине тапшыруу зарыл.
Дареги Бишкек шаары, Манас пр. 101/1, Жумабек көч. 203/1, 2-этаж КР ӨКМге караштуу ӨКМЖБД, байланыш телефондору 0770 228797, 0556 112804.