Чүй районундагы Бурана айыл өкмөтү

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде башкы,улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна  кадрлар резервине киргизүү үчүн

АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиш керек :

  1. Улук административдик муниципалдык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдар:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

  1. Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдарды:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

  1. КыргызРеспубликасынын “Мамлекеттикжарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

Башкы  кызмат ордуна коюлуучу  квалификациялык  талаптар :

Башкы  административдик муниципалдык кызмат орундары учун квалификациялык талаптар:

Улук кызмат  ордуна  коюлуучу  квалификациялык  талаптар (У-А, У-Б)

1.Инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис

(У-Б 1 бирд.)

1).Кесиптик билимдин деңгээли:

—  экономика жана финансы  , салыктар боюнча   багыттагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын   Министирлер Кабинети жөнүндө»;

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө » Мыйзамы

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

 Кенже кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А, К-Б)

2.Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис  (К-А 1бирд. )

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— кенже кызмат орундары — муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку же болбосо орто кесиптик билим; ( гуманитардык, социалдык , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттары боюнча ).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Үй-бүлөө кодексин, КР Балдар кодексин, КР “Мамлекеттик  жѳлѳк пулдар  жѳнүндѳМыйзамын, КРӨнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №823-токтому менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобосун, КР “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндөМыйзамын.  КР “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө.

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү

(Word, Excel, САНАРИП, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).

Сынака катышуу үчүн төмөнкү  документтерди атайын папкага көктөп тапшыруу керек:

-Өздүк арыз (конкурска катышуу боюнча)

-Өздүк баракчасы -1 даана

-4х6 өлчөмүндө сүрөт 4 даана

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус  аркылуу тастыкталган)

-Паспорттун көчүрмөсү

-Резюме

-Дипломдун көчүрмөсү (нотариус  аркылуу тастыкталган)

-Өмүр баян

-Соттуулугу боюнча аныктама

Жөнөткөн  документтери жана маалыматтары белгиленген талаптарга  жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

        Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 күн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек :

Чүй району, Ак-Бешим айылы, Дордош көчөсү 15, 

байланыш телефону :0755-333-168, 0500-228-641.