кенже кызмат ордулардын кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тийиштүү багыттагы жогорку же орто кесиптик билим. – иш стажысына талап коюлбайт. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы» жана ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды билүү: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Транспорт жөнүндө”, “Автомобиль жолдору жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Электроэнергетика жөнүндө” , “Жамааттар анын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;командада иштөө; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: өзүнүн арызы; 3х4 сүрөт (2 даана) резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалым катты (справка о не судимости) нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; паспорттун көчүрмөсү. Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, “Балыкчы” шаардык коомдук-саясий гезитине жарыя чыккан күндөн баштап 10 календардык күн ичинде төмөндөгү дарек боюнча тапшыруу керек:Балыкчы шаары Ж. Абдрахманов көч 258 Балыкчы шаарынын мэриясы 3 этаж 32-каб. Кошумча маалыматты тел 0394432771 Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Түп райондук ветеринардык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Тоң райондук ветеринардык башкармалыгы