Айыл башчылар окутулууда
Айыл башчылары санариптештирүү, мыйзам актыларынын жөндөлүшү жана жергиликтүү жамааттар менен иш алып барууларын жакшыртуу максатында окуудан өтүшүүдө. Административдик аймактык реформанын натыйжасында жалпы республика боюнча учурда 996 айыл башчы бар. Анын ичинен Баткен, Талас жана Нарын облустарында окутуулар уюштурулуп 154 айыл башчы окутулду. Калган аймактардагы окуттуулар 26-августка чейин жыйынтыкталаары пландалган. Буга чейин айыл башчылар миниципалдык кызматкер катары 12 миң сомго чейин айлык акы алып келишкен. Учурда контрактык негизге өткөзүлгөндөн кийин орточо 28 900 сомдон маяна алышууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — А.У. Жапаровдун тапшырмасы менен Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин буйругунун негизинде Агенттик тарабынан Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында айыл башчыларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу графиги түзүлүп, төмөндөгү темалар боюнча бир күндүк окутуулар өткөрүлүүдө:
— Жергиликтүү ресурстарды башкаруу жана пайдалануу: жер ресурстары, мамлекеттик жайыттар, ички чарбалык ирригациялык системалар, сугат жерлерге сууну бөлүштүрүү;
— Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү уюштуруу: ВМЗ, жергиликтүү кызмат көрсөтүүнү натыйжалуу уюштуруу үчүн жолдомолор жана сунуштар;
— Айыл аймагындагы автоматташтырылган маалымат системаларынан (Е-кызмат, Санарип Аймак, ЕРМИ ж.б. тиркемелери) мамлекеттик кызматтарды жана зарыл маалыматтарды алуу менен байланышкан санариптик көндүмдөрүн жогорулатууга жарандарга көмөк көрсөтүү.)
— Жергиликтүү жамааттар, аксакалдар соту, жаштар жана аялдар комитеттери, ошондой эле коомдук алдын алуу борборлору (КААБ) менен иштөө;
— Ветеринария маселелери боюнча;
— Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана жоюуда ыйгарым укуктуу.
Окууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин региондордогу башкармалыктарынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы ветеринардык кызмат, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун (ЖӨБ Союзу) кызматкерлери жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясынын (БАЖБА) окутуучулары өткөрүшөт.