Кара-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында ачык конкурс  жарыялайт.

Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнө кенже топтогу кызмат орунуна:

Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптарды койбостон
Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
7. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
8. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
Билгичтиги :
— Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
Көндүмдөрү :
— Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Бул конкурска катышуучулар төмөндөгудөй документтерди тапшыруусу зарыл:
— жеке арыз;
— кадрдык өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)
— Өмүр баян ( соттолбогондугун же соттолгондугун көрсөтүү менен)
— паспортунан көчүрмө
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү ( иш стажы бар болсо);
Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду:
ДАРЕГИ: Кара-Суу шаары, Ленин  көчөсү №50,  Кара-Суу райондук Эмгек социалдык
камсыздоо жана миграция башкармалыгы байланыш номери: 0556001517,0709740745
Конкурска документтер массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан
баштап, 2024-жылдын  26-августунан  тартып, 2024-жылдын 6-сентябрына чейин иш күндөрү кабыл алынат.