Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга мамлекет 108 000 000 сом бөлдү
Агенттикте КР Эгемендик күнүнө карата салтанаттуу жыйын болду. Иш чарада Агенттиктин жана башка ведостволордун сыйлыктары менен мекеменин алдыңкы кызматкерлери сыйланды. Жыйынга Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев жана эмгек жамааты катышты.
Иш чарада жетекчи төмөнкүлөргө токтолду: “Үч жыл мурун мамлекетибизде азыркы жетишилген ийгиликтер болот десе эч ким ишенбейт эле. Президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичтин мамлекет башчылыгында өнүгүү жолуна түшүп “Кумтөр” кени мамлекетибизге өттү, Өкмөт башчыбыз Жапаров Акылбек Усенбековичтин аракети менен казынабыз болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү, генерал Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин кылган кызматынын натыйжасында мыйзмамдуу мамлкеттик жолго түшүп коррупция менен криминалга чоң сокку урулууда. Мына ушундай иш аракеттердин натыйжасында мамлекеттик кызматчылардын маянасы көтөрүлдү.
Мына Агенттик Административдик Аймактык реформаны ийгиликтүү аяктадык. Бул өтө чоң саясий, ары тарыхый окуя. Өзүңүздөр билесиздер ондогон жылдардан бери көтөрүлүп келип эле токтоп келген. Эгерде Садыр Нургожоевичтин саясий эрки болбогондо бул ишке ашмак эмес. Андан кийин мына сиздердин эмгегиңиздердин аркасы дагы бар экени анык. Ошондой эле, бүгүнкү күндө 22,400 Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууну жолго койдук. Ал үчүн мамлекет 108 000 000 сом бөлдү. Муну биз Башкаруу академиясы аркылуу ишке ашырабыз. Айта кетчү нерсе, мындан ары Академиядан бакалавриатты алып салдык. Себеби Академия өзүнүн негизги функциясы болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу, кайра окутуу, квалификацияларын жогорулатуу менен алек болуусу кажет”-деди ал.