Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаровдун 2024-жылдын 8-июлундагы № 31-24 протоколунун
12-пунктун аткаруу максатында жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 12-августундагы № 01-25/217 буйругу менен бекитилген графиктин негизинде Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жаңыдан дайындалган айыл башчылардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу-семинарлары өткөрүлүүдө.

— Талас облусу боюнча: 2024-жылдын  7-августунда Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунда, ал эми  2024-жылдын 8-августунда Талас облусунун Бакай-Ата жана Талас райондорунда окутуу-семинарлар өткөрүлүп, 42 айыл башчынын ичинен 35 айыл башчы окуудан өтүп, 7 айыл башчы иш сапарда, айылдардагы өзгөчө кырдаалга, жакын туугандарынын каза болгондугуна жана ден соолугуна байланыштуу окууга катыша алышкан жок.

— Нарын облусу боюнча: 2024-жылдын 8-августунда Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Нарын облусунун Жумгал, Кочкор райондорундагы айыл башчыларга, 2024-жылдын 13-августунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясында Ак-Талаа, Ат-Башы райондорундагы айыл башчыларга, 2024-жылдын 14-августунда Нарын районундагы айыл башчыларга окутуу-семинарлары болуп өттү. Окутуу-семинарга Нарын облусу боюнча жалпы 98 айыл башчыдан 80 айыл башчы катышып, 18 айыл башчы ден соолугуна, иш сапарда болгондугуна жана башка жүйөөлүү себептерге байланыштуу окууга катышкан жок.

— Чүй облусу боюнча: 2024-жылдын 26-августунда Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Чүй облусунун Аламүдүн, Кемин, Чүй жана Ысык-Ата райондорундагы айыл башчыларга, ал эми Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Жайыл, Москва, Панфилов жана Сокулук райондорундагы айыл башчыларга квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу уюштурулду. Аталган окутуу-семинарларга Чүй облусу боюнча жалпы 135 айыл башчынын ичинен 105 катышып, катышуу мерчеми 77,7% түздү. 30 айыл башчы ден соолугуна, айылда жаралган кырдаалга, айрым маселелер боюнча комиссияга катышкандыгына, иш-чаралар бар болгондугуна, укук коргоо органдарында суракка баргандыгына жана жер боюнча мунапыс меселелери болгондугуна байланыштуу катыша алышкан жок.

— Ысык-Көл облусу боюнча: 2024-жылдын 27-августунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң райондорундагы айыл башчыларга окутуу болуп, ага жалпысынан 41 айыл башчысы катышып, катышуу мерчеми 100% түздү. Апта аягына чейин ушундай эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жаңыдан дайындалган айыл башчылардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу-семинарлар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Түп жана Ысык-Көл райондорунда улантылмакчы.

Окууда жалпысынан жер маселелери, жайыт мыйзамдары, “Санарип аймак” автоматташтырылган системасы, жарандык коргонуунун кызматтары, ветеринардык багытта айыл башчылар кандай иш алып баруусу керек, айыл аймактардагы коомдук алдын алуу борборлору жана жалпы эле айыл башчылар кандай функцияларды аткаруусу керектиги тууралуу кенен маалымат берилип, суроо-жооптор менен коштолуп, окуу ийгиликтүү жыйынтыкталды.