Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев салт болуп калган коомдук кабыл алуусун улантууда

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча иштери боюнча агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында регламентинде бекитилген иш-күнүнө тоскоолдук кылбай саат 7:00 дон 9:00 го чейин коомдук кабыл алуусун жүргүздү.

Кабыл алуунун жүрүшүндө Кыргыз мамлекетинин кадрдык саясатынын ишин алып баруусу менен бирдикте өсүп-өнүгүшү боюнча бир топ сунуштар каралып төмөнкү жарандардын көйгөйлүү маселелери угулду.

Жетекчинин бүгүнкү коомдук кабыл алуусунда:
1) Баетов Батыркул Исаевич Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун директору экономика илимдеринин доктору;
2) Жумашев Муртаза жамааттардын өкүлү;
3) Жумабаев Камил Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун башкы адиси;
4) Экономика илимдеринин доктору Сарыбаев Эдил, Нурбеков Садыр Нарматович КР Жогорку Кеңештин кызматкери;
5) Джусупова Мекин “Медицина кызматкерлеринин отличниги» төш белгисинин ээси, 56 жыл республикалык онкология бейтапканасында иштеген – пенсионер;
6) Касыгулова Насипа Бектуровна айыл өкмөттө бухгалтер;
7) Саматов Сайдылда Мажитович ишти коргоонун өкүлү;
8) Эралиев Анаш Доолоталиевич жаштар театрынын юристи;
9) Ибраев Маркил Ибраевич ардактуу пенсионер;
10) Жакшылык Асанов Кыргыз эл жазуучусу;
11) Тиллебаев Өмүрбек журналист.