Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын мамлекеттик административдик кызмат орундарынын башкы тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Квалификациялык талаптар:
Мамлекеттик административдик кызмат орундарынын башкы тобу Түштүк аймактык бөлүмдөрүнүн бош кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервине киргизүү үчүн.
1.Кесиптик билим деңгээли:
жогорку экономикалык жана/же юридикалык билим.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
3.Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
4.Кесиптик мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө», «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө», «Атаандаштык жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө», «Жарнама жөнүндө» жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө», «Баа түзүү жөнүндө» мыйзамдарын.
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы “Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» №83; 2018-жылдын 29-январындагы «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №56, 2012-жылдын 2-июнундагы “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан кароонун Эрежелерин бекитүү тууралуу» №366, 2013-жылдын 5-апрелиндеги «Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» №175, 2016-жылдын 17-мартындагы «Жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү боюнча жана жалпысынан башка иш боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди өзүнчө эсепке алууну жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу» №130; 2012-жылдын 2-июнундагы «Ак ниет эмес атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартибин бекитүү тууралуу» №362; 2012-жылдын 11-июнундагы “Чарба субъекттерин мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө Эрежелерди бекитүү тууралуу» №391; 2012-жылдын 2-июнундагы «Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, бөгөт коюу боюнча Эрежелерди бекитүү жөнүндө» №364; 2015-жылдын 7-июлундагы «Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу» №461; 2015-жылдын 27-июлундагы “Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө эскертүүлөрдү берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө «№534, 2009-жылдын 18-майындагы № 300 «Кыргыз Республикасында акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтерди түзүү жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 2000-жылдын 26-октябрындагы “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (жумуштар) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү тууралуу» №637, 2024-жылдын 12 июнундагы “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” №304, 2015-жылдын 14-январындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» №6, 2014-жылдын 30-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке салуу жөнүндө» №560, 1998-жылдын 12-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” №667, 2022-жылдын 20-майындагы “Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” №267.
Жөндөмү:
— бөлүмдүн ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө жаңы ыкмаларды талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
— башкаруу чечимдерин тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
— керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо системасындагы улуттук жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо, жарнак жана аны практикада колдонуу;
— акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү улуттук жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иштерде колдонуу;
— монополияга каршы жөнгө салуунун улуттук жана чет өлкөлүк тажрыйбасын талдоо жана аны практикада колдонуу;
— ишканалардын ишинин финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүн талдоо;
— өз ишин жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— кызматкерлердин алдына коюлган милдеттерди так калыптандыруу жана алардын ишмердүүлүгүнө объективдүү баа берүү;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикалык колдонуу;
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— ишканалардын ишинин финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүн талдоо;
— пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
— баш ийгендер арасында буйруктарды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, Кызматтын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын алардын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө;
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана синтездөө;
— чыр-чатакты чечүү;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
— компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон (Word, Excel, “Токтом Корпорация Про” маалыматтык-укуктук тутумун) билүүсү.

Кошумча талаптар:
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— Ош шаарында жашоосу;

Конкурска катышуу үчүн кийинки документтер көктөмөгө тиркелип берилиши керек (Аты жөнү, ИНН, байланыш телефону, дареги, электрондук почтасы):
-арыз;
-кадрларды эсепке алуу баракчасы (сүрөтү жана байланыш маалыматтары менен)
-паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде берилет)
-нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же иштеген жеринде персоналды башкаруу кызматынын эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш тажрыйбасы менен),
-өмүр баян (соттолбогондугу тууралуу маалымат)
-нотариалдык же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү;
-илимий деңгээлин жана илимий даражасын ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

Конкурска катышуу үчүн документтер Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 7Б/1 дареги боюнча 2024-жылдын 20-сентябры саат 18.00.го чейин кабыл алынат, маалымат үчүн телефондор 0 (312) 56 33 01.

ЭСКЕРТҮҮ: Коюлган талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар, конкурска катышууга киргизилбейт.