Агенттиктин (Кадр кызматынын) түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгынын алкагында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги Ельцин Б. Ат. КРСУнун юридикалык факультетинин 2-курсунун студенттери үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Бул иш-чаранын максаты Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орношуудагы кадрларды тандоодо маалыматтык ачык-айкындуулукту камсыз кылуу болуп саналат. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер мамлекеттик кызматтын негиздери, мамлекеттик кызматка кирүү жана кызмат өтөө тартиби, ошондой эле тестирлөө бөлүмүнүн (борборунун) ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле студенттерге полиграфты (жалган детекторду) колдонуу менен тестирлөө жана психологиялык тестирлөө процедуралары тууралуу кеңири маалымат берилди. Жазуулар боюнча багыттоо Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев салт болуп калган коомдук кабыл алуусун улантууда Баткен облусунда Агенттиктин 20 жылдыгына карата кереге кеңеш өткөрүлдү