КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо Департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
Сектор башчысынын (башкы бухгалтер) административдик мамлекеттик кызмат ордуна төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет –
1 бирдик (С-А)
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
— жогорку экономикалык билим, бухгалтердик эсеп жана аудит.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
4)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин.
-Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын:“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”,“ Бухгалтердик эсеп жөнүндө”.
-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137-п буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча жобону;
-бухгалтердик эсеп жаатында билим.
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
Жетектөөчү адисинин (бухгалтер) административдик мамлекеттик кызмат ордуна төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет — 1 бирдик (М-А)
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
— жогорку экономикалык билим, бухгалтердик эсеп жана аудит.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин.
-Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын:“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137-п буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча жобону;

Бардык топторго тиешелүү көндүмдөр:
Билгичтиги:
-түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
-коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгу маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды практикада колдоно билүү;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Microsoft Office (Word,Excel) Интернет, 1С программасын;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
-жеке арыз;
-сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
-өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
-нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү;
-нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
-паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу убактысы:2024-жылдын 16-сентябрынан 27-сентябрын кошо алган күнгө чейин саат 9:00-17:00 чейин.
Документтерди кабыл алуу орду:Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28, 5-кабат, 505а кабинети.
Байланыш номери 0555-67-19-62, 0770-67-19-62 ватсапп, (0312)31-25-47