Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар
- Жалпы жоболор
1.1. Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар (мындан ары – Квалификациялык талаптар) “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты;
1.2. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы (мындан ары — Башкармалык) функциялар же кызмат ордунун функциялык милдеттери өзгөргөн учурда жүргүзүлөт;
1.3. Кошумча Квалификациялык талаптар Башкармалыктын адистештирилишин жана конкреттүү кызмат ордунун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды катмыйт;
1.4. Бардык административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө милдеттүү талаптар белгиленет.
- Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адисине (К-А) коюлуучу квалификациялык талаптар
Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик орундарынын К-А тобуна кирген мамлекеттик кызмат орду болуп саналат.
Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальнигине түздөн-түз баш ийет.
4.1. Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адисине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин денгээли:
— жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы же ошол багыттагы педагогикалык билимге артыкчылык берилет).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажысына талаптар коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
Кыргыз Республикасынын Конституциясын.
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» кодексин милдеттүү түрдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускамасын. Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”“Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө” № 264 токтому менен бекитилген типтүү жобосун жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды; — кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;
— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
- көндүмдөрү:
- ченемдик укук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:
- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүү менен жеке арызы;
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт);
- дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
- билимин жогорулаткандыгын тастыктаган документтери;
- Дело (документтер үчүн)
Документтер 2024-жылдын 10- октябрь күнү саат 18-00 го чейин, Ош шаарынын Сай-бою 5/1 көчөсүндөгү Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кеңсесинде кабыл алынат. Тел.: 4-80-35,0997 35 35 83
Коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандар конкурска катышууга жолдомо ала алышпайт.
Конкурстун өтүү күнү жана орду тууралуу кошумча маалымдалат.