Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын  кызмат орундарына улук тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:  

  Улук топтун административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:  

  • кесиптик билимдин деңгээли:

тиешелүү багыттагы жогорку билим

-Укук коргоо органдарынын менеджери, Юрист, Инженер куткаруучу (Өзгөчө кырдаалдардан коргоо), Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу

тармактарында

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тийешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары боюнча төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү инструкциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому 

-Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламентөөчү мыйзамдарды билүүгө;

-Кесиптик милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет тилди билүүгө (зарылдыгы боюнча);

-Кесиптик милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет илди билүүгө (зарылдыгы боюнча)

Эскертүү; Укук коргоо органдарында эмгектенген, иш тажрыйбасы бар талапкерлерге артыкчылык берилет.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: 

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органынын  мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгы
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдары.
  • Кыргыз Республикасынын   “Инвестиция жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;

-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

 Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

  Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

Конкурска талап кылынуучу документтер: 

  • Өзүнүн арызы;
  • Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
  • Соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат;
  • Нотариалдык конторадан  же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүргөн негизги жана кошумча  билимин ( бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • Нотариалдык конторадан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( иш стажы бар болсо);
  • Илимий даражаны же илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • Паспорттун көчүрмөсү.

 Дареги: Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү №1, телефон (03622) 50005, (03622) 50154        сот. (0776) 51 50 50. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2024-жылдын 10-октябрында саат 18-00дө  аяктайт.