Кудайберген Базарбаев жаңы кадр саясатын ишке ашыруу биздин приоритеттүү багыттардын негизгиси
Кара- Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөнүн 100 жылдыгына арналган «Кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусу» аттуу Эл аралык илимий конференция уюштурулду.
Иш-чарага, Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, КР Президентинин Администрациясынан Азамат Шамеев, коомдук ишмер, КР баатыры Медеткан Шеримкулов жана Борбордук жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен студенттери катышууда.
Кудайберген Базарбаев илимий конференцияда сүйлөгөн сөзүнөн:
«Бүгүн биз Кара-кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул — Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндөгү маанилүү дата, анткени биз тарыхыбызды, салттарыбызды жана улуттук бирдигибизди эскерип, улантуудабыз.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаралышы — бул кылымдар бою көптөгөн кыйынчылыктарды, жеңиштерди баштан өткөргөн, ата-бабаларыбыздын мурасын улантуу. Биздин мамлекет өз алдынча, көз карандысыз болууга умтулду, бүгүнкү күнү өлкөбүздүн саясий, экономикалык жана социалдык жактан өнүгүшү — биздин жалпы ишибиздин жыйынтыгы»,- деди ал.
Ошондой эле, жетекчи мамлекетибизде өтө чоң тарыхый окуя болгонуна токтолду. Анда ал, Кыргыз Республикасынын Президенти Урматтуу, Жапаров Садыр Нургожоевичтин саясий эркинин натыйжасында, тарыхта биринчи жолу Кыргыз республикасынын аймагында Административдик аймактык реформа ишке ашканын баса белгилөө менен жаңы кадр саясатын ишке ашыруу биздин приоритеттүү багыттардын негизгилери экенине токтолду.