Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» №125 Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» №24 Жарлыгынын негизинде Кербен шаарынын мэриясынын  кенже, улук жана башкы кызмат орундарынын  ички кадрлар резервине

ачык конкурс жарыялайт!

Административдик кенже, улук, башкы  кызмат орундарынын кадрлар резервине кирүү үчүн стажына жана иш тажрыйбасына карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет;

 

  1. Кенже кызматтын кадрлар резерви— иш стажына талаптар коюлбайт;

Кесиптик билимдин деӊгээли:

жогорку билим же болбосо орто кесиптик билим: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Медициналык,  Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

  1. Улук кызматтын кадрлар резерви— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку билим: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Медициналык,  Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

 

  1. Башкы кызматтын кадрлар резерви— жалпысынан       3 жылдан кем

эмес   мамлекеттик жана/же        муниципалдык      кызматтагы жыйынды иш  стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик билимдин деӊгээли;

жогорку билим: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Медициналык,  Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

 

  Кесиптик компетенттүүлүгү:

1)Кенже кызмат орундары үчүн:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку жана атайын орто билим: Финансылык экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба,  Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында.

 

    Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”.

 

 

Тиешелүү тармактагы  мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” ;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • Кыргыз Республиекасынын “КРнын Мамлекеттик тили жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик мелдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “КРнын расмий статистика жөнүндө”

 

2) Улук кызмат орундары үчүн:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,

Юриспруденция,  Финансылык экономикалык, Айыл чарба,  Гуманитардык,

Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында.

 

Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”.

 

    Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

 

  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси
  • Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекттик сатып алуулар жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Айыл чарба багытындагы жер тилкелерин сатуу, сатып алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” 2001-жылдын 13-августундагы №427 токтому
  • Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө кодекси”
  • Кыргыз Республикасынын “КРдагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө”

 

3) Башкы кызмат орундары үчүн:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,

Юриспруденция,  Финансылык экономикалык, Айыл чарба,  Гуманитардык,

Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында.

 

Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Министрлер кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;

  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • Кыргыз мыйзамдары.Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”

 

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • “Жайыттар жөнүндө”
  • “Билим берүү жөнүндө”
  • “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Ички жер которуу жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары каттоо жөнүндө”
  • Мамлекттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө ЖОБО
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдери;

 

Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана

практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

— Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык

продуктуларды колдоно билүү .

 

           Сынакка катышуу үчүн документтер:

-кадрлар резервине кирүү үчүн жеке арыз  (контакттык телефон номери менен);

-кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, 4 даана 3х4 өлчөмүндөгү сүрөтү;

-резюме, сунуш каттары, өмүр баян (соттолгондугу жана соттолбогондугу жөнүндө маалымат);

-билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт),

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер жарыя  веб-сайтка чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат;

          Аксы району, Кербен шаарынын мэриясы, Ныязалы көчөсү №7

 

Тел: 0704221197,0771844415   03742 5-02-35