КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгы  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын                           2-февралындагы ПЖ №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук топтогу административдик мамлекеттик   кызматынын ордуна  ачык  конкурс жарыялайт:

  1. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:         

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу илимдери, гуманитардык жана социалдык илимдери, педагогикалык билим берүү, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, энергетика жана электроника, транспорттук техника жана технология, электроника, радиотехника жана байланыш, автоматташтыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, архитектура жана курулуш, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билими.

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

 

Жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
  • КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” Жарлыгы;
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды билүү.

 

            Предметтик мыйзамдар:

  1. «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  2. “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин  2023-жылдын 19-сентябрындагы  №489 “Мамлекеттик сатып алуулар  жол-жоболорун жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосу;
  5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 31-декабрындагы №150-П “Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ченемдик  укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” буйругун.

3.2. Билгичтиги:

  • курулуштагы экономикалык суроолорду билүү, калькуляция, сметаларды жана сметалык-каржы эсептерин жүргүзүүнү билүү;
  • аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация жасоо жөндөмдүүлүгүнүн болушу;
  • сатып алуулар боюнча тендердик иш-кагаздарды жана башка иш-кагаздарды даярдоо жөндөмдүүлүгү;
  • компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүүсү.

3.3. Көндүмдөрү:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

  • жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени (электрондук даректи көротүү менен), сүрөтүн;
  • паспортунун көчүрмөсүн;
  • керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын, квалификациясын ырастаган документерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорутулгандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө  документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же акыркы  иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан  күбөлөндүрүлөт).

 

Документтерди 2024-жылдын 3-декабрынан 17-декабрь күнүнө чейин Кадр жана тарбия иштери  бөлүмүнө тапшыруу керек.

 

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:  Ош  шаары, Э.Алиева көчөсү 172, каб. 411 (Кадр жана тарбия иштери бөлүмүнө),     тел.:  0554 112 866, 0706 697 373