Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык
КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Кадрлар резерви — мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын кенже тобунун юрист-адис кызмат ордуна
КЕНЖЕ ТОБУНУН ЮРИСТ-АДИС КЫЗМАТ ОРДУ ( 1 штаттык бирдик)
Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билими: Юриспруденция
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Иш стажына талап коюлбайт;
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:
- “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык Мыйзам;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ:
- Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган өзүнүн арызы;
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
- өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- паспорттун көчүрмөсү;
Документтерди кабыл алуу жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккандан баштап 10 жумушчу күн ичинде жүргүзүлөт.
Дареги: Ала-Бука айылы, С.Ибраимов көчөсү № 37, 3 кабат, 40-кабинет, байланыш телефону (03741) 5-00 92 +996 995 00 39 44