Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы кызмат оорунда коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А) 1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (Финансылык, экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, тейлоо сферасы); 2) иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенциялары: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жонундо Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасында (админстративдик аймактык реформанын алкагында) жана компьютердик уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” менен иштөөсү Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду Кара-Кулжа айылы М. Алиев көчөсү №76 Кара-Кулжа айыл өкмөтү байланыш номери +996 773 13-83-83 0778 52-86-86 Конкурскка документтер массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан баштап 10 календардык күндүн ичинде саат 9-30 дан 17-00 гө чейин кабыл алынат. Жазуулар боюнча багыттоо Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орунунун улук жана кенже тобторуна кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясы улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.