Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптары.Транспорт багыты боюнча мамлекеттик административдик кызмат ордуна кенже тобу үчүн. 2.Транспорт багыты боюнча мамлекеттик административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: (Транспорт кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмдүн инспекторуна) (К-Б). (Каракол шаарына). Кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку кесиптик билим: 1.»Техникалык илимдер» чѳйрѳсүндѳгү жогорку техникалык кесиптик билиминин тѳмѳндѳгү багыттагы адистиктери: — «Жер транспортунун системалары» багытындагы «Автомобиль жана автомобиль чарбасы» адистиги; — «Автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо» багытындагы «Ташууну жана транспортту башкарууну уюштуруу», «Жол кыймылын уюштуруу», «Кыймылды уюштуруу жана коопсуздук», «Автомобиль транспортун эксплуатациялоо» адистиктери; «Транспорттук техника жана технология» чѳйрѳсүндѳгү жогорку техникалык кесиптик билиминин тѳмѳндѳгү багыттагы адистиктери: -«Транспорт-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо» багытындагы «Автомобиль транспорту», «Суу транспорту», «Машина куруу», «Механизация» адистиктери. 2.Иш стажы жана тажрыйбасы: — иш стажына талаптар коюлбайт; (кенже тобуна). Кесиптик компетенциялар: -«Автомобиль транспорту жѳнүндѳ» Кыргыз Рспубликасынын Мыйзамы; -«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык –уруксат берүү тутуму жѳнүндѳ» Кыргыз Рспубликасынын Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-жыл 17-сентябрындагы № 430 «Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому; -Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 «Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлѳрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жѳнүндѳ» токтому; -Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 23- декабрындагы № 724 «Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту чѳйрѳсүндѳгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускаманы бекетүү жѳнүндѳ» токтому; — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 14- апрелиндеги №223 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө» токтому; Ошондой эле тѳмѳнкүлѳрдү билүү зарыл: — кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлѳмдѳ мамлекеттик жана расмий тилдерди. -статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды ѳндүрүү; — тест, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштѳѳ; -файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштѳѳ, атын ѳзгѳртүү, кѳчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү; -тышкы перифериялык түзүлүштѳрдү туташтыруу; -диск мейкиндигин тазалоо (архивдѳѳ); -компьютердик жана социалдык тармактардагы иш: маалыматты издѳѳ, бѳлүшүү жана сактоо (интернет, электордук почта ж.б.) — электрондук каттарды кабыл алуу жана жѳнѳтүү; -ар кандай браузерлер менен иштѳѳ; -кеңсе техникасы менен иштѳѳ: кѳчүргүчтѳр , принтер,сканер, пректор же интерактивдүү доска, факс. 3.1. Билгичтиги: — жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; — документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; — тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; — кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; — жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; — мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; — командада иштөө. 3.2. Көндүмдөр: — ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын,зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер (чогултулуп тиркелет): — Форма боюнча жеке арыз; — Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен); — Резюме (телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен); — Автобиография (соттолбогону бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); — Негизги жана кошумча билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн); — Нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо); -Окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); — Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт). Талапкерлердин документтери жарыя сайтка чыккан кундөн баштап кабыл алынат. 2025-жылдын 27-январынан 10-февралга чейин Балыкчы шаарындагы Ж.Абдрахманов көчѳсүнүн № 15 дареги боюнча кабыл алынат. Маалымат үчүн Телефон (03944) 70912. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Ак-Суу райондук эмгек, социалдык камсыздоло жана миграция башкармалыгы кадрлар резервин түзүүгө ачык конкурс жарыялайт.