Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; 3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; 4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар 1) Кесиптик билимдин денгээли; – Экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим; – Аудит жана башкаруу; – Юриспруденция; – Финансы кредит; 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды; «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”; Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы №306 «Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн аз өндүрүмдүү Айыл чарба жерлерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому; Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын19-июнундагы №386 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу өкмөтүнүн токтому; Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – Билгичтиги: Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; Аналитикалык документтерди даярдоо; Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; Эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – Көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы). Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага коктоп тапшыруу керек: – Өзүнүн арызы; – Резюме (электрондук почтаны корсотуу менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – Паспорттун көчүрмөлөрү; Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт. Документтерди кабыл алуу Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө кабыл алынат. Жазуулар боюнча багыттоо Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча сынак жарыялайт. Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтү улук жана кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына резервин түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт