Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар;
1) Баардык багыттагы жогорку билим:
— Улук кызмат орундары — жогорку билим;
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары;
- «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
- Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
- Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын;
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”;
- Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө»
- Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы №306 «Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн аз өндүрүмдүү Айыл чарба жерлерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын19-июнундагы №386 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу өкмөтүнүн токтому;
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
— Билгичтиги:
Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
Аналитикалык документтерди даярдоо;
Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
Эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— Көндүмдөрү:
Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).
Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага коктоп тапшыруу керек:
— Өзүнүн арызы;
— Резюме (электрондук почтаны корсотуу менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— Паспорттун көчүрмөлөрү;
Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.
Документтерди кабыл алуу Ат-Башы районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө кабыл алынат.