Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар;
1) Баардык багыттагы жогорку билим:
— Улук кызмат орундары — жогорку билим;
— Экономика жана башкаруу багыты;
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары;
- «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
- Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
- Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”;
Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөы” Мыйзамын;
Кенже кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— Кенже кызмат орундары — жогорку билим же атайын орто кесиптик билим;
— Ветеринардык, зооветеринардык багыты;
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Иш стажына талап коюлбайт;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамды;
- Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү зарыл.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
— Билгичтиги:
Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
Аналитикалык документтерди даярдоо;
Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
Эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— Көндүмдөрү:
Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).
Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага коктоп тапшыруу керек:
— Өзүнүн арызы;
— Резюме (электрондук почтаны корсотуу менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— Паспорттун көчүрмөлөрү;
Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.
Документтерди кабыл алуу Кочкор районундагы Сары-Булак айыл өкмөтүндө М.Алиев көчөсү № 33 дареги боюнча кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө кабыл алынат.