Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын «Ынтымак Ордо» имаратында «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сертификаттар тапшырылган аземи өттү. Аземге Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты. Сыйлык Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулган.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өз сөзүндө өлкө президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын маанисин белгилеп, өлкөдөгү аймактардын экономикалык дарамети жогорулап, мамлекеттик бюджеттен миллиарддаган каражаттар бөлүнүп жатканын айтты. Ошондой эле, айыл өкмөт башчыларынан демилгелер жана жигердүү аракеттер күткөндүгүн билдирди.
Ал эми агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев жыл сайын өткөрүлүп жаткан бул сынактын максаты аймактарды өнүктүрүү, айыл аймактардын ишине түрткү берүү жана алардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу экенин белгиледи.
“2024-жылы Кыргыз Республикасындагы Административдик-аймактык реформа алкагында айыл аймактардын саны 452 ден 221ге кыскартылып, 231 айыл аймак калды. Бул реформа Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып, аймактарды өнүктүрүү жана башкаруунун ийкемдүү системасын киргизүүгө багытталган.
Мамлекеттик сынактык комиссия 2023-жылдын жыйынтыгы менен облустардан 9 айыл өкмөтүн сунуштады. Комиссия бул айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, жеңүүчүлөрдү аныктады” деди Базарбаев
Сынак эки топко бөлүнүп өткөрүлдү: биринчи топ – алыскы, барууга кыйын, бийик тоолуу аймактарда жайгашкан жана өзгөчө чек ара статусуна ээ болгон айыл өкмөттөр, экинчи топ – биринчи топко кирбеген айыл өкмөттөр.
Биринчи топтун жеңүүчүлөрү:
1-орун – Аманбаев айыл өкмөтү (Талас облусу) – 3 млн сом
2-орун – Каргалык айыл өкмөтү (Жалал-Абад облусу) – 2 млн сом
3-орун – Чоң-Алай айыл өкмөтү (Ош облусу) – 1 млн сом
Экинчи топтун жеңүүчүлөрү:
1-орун – Жоош айыл өкмөтү (Ош облусу) – 3 млн сом
2-орун – Барскоон айыл өкмөтү (Ысык-Көл облусу) – 2 млн сом
3-орун – Барпы айыл өкмөтү (Жалал-Абад облусу) – 1 млн сом
Сынак 2013-жылдан бери өткөрүлүп, жыл сайын айыл өкмөттөрдүн ишин баалоо критерийлери өзгөртүлүп, 2023-жылы байге фонду 6 миллион сомдон 12 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн. Бул өзгөртүүлөр айыл өкмөт башчыларынын демилгелерин жана жергиликтүү долбоорлорду колдоодо маанилүү кадам болуп саналат.