КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо Департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
Жетектөөчү адисинин (бухгалтер) административдик мамлекеттик кызмат ордуна төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет – 1 бирдик (М-А)
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
– жогорку экономикалык билим, бухгалтердик эсеп жана аудит.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талаптар коюлбайт.
Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.

Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин.
-Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын:
-“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;
-“Бухгалтердик эсеп жөнүндө”
-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-п буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча жобону;
Топко тиешелүү көндүмдөр:
Билгичтиги:
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

Көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгу
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды практикада колдоно билүү;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Microsoft Office (Word,Excel) Интернет, 1С программасын.
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
– жеке арыз;
– сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
– өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү;
– нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу убактысы:
2025-жылдын 24-мартынан баштап 4-апрелин кошо алган күнгө чейин саат 9:00-17:00 чейин.
Документтерди кабыл алуу орду:
Бишкек шаары, Манас проспектиси 28, 5-кабат, 505а кабинети.
Байланыш номери 0555-67-19-62, 0770-67-19-62 ватсапп, (0312)31-25-47