Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия (мындан ары – КРП УАК) административдик кызмат орундарынын улук жана кенже тобун ээлөөгө кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт. Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн: -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; -компьютердик сабаттуулук жана керектүү программаларга ээ болуу. Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси. Жалпы мыйзамдарды билүүдө: 1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2)«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3)«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4)«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5)«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6)2020-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Төмөнкү предметтик мыйзамдарды: 1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 377 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө» Жобону; 2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө», 3.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө», 4.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Диссертациялык кеңеш жөнүндө», 5.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Эксперттик кеңеш жөнүндө» Жоболорду. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси. Жалпы мыйзамдарды билүүдө: 1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2)«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3)2020-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Төмөнкү предметтик мыйзамдарды: 1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 377 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө» Жобону; 2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө»”, 3.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө», 4.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Диссертациялык кеңеш жөнүндө», 5.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Эксперттик кеңеш жөнүндө» Жоболорду. 1.Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар: Кесиптик билим деңгээли: багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: -мамлекеттик башкаруу, экономика, коомдук-гуманитардык, медицина, физика-математикалык, юриспруденция, агрардык, табигый жана техникалык илимдер багыттары боюнча жогорку кесиптик билим; -жогоруда аталган багыттар боюнча окумуштуулук даражанын болушу (артыкчылык болуп саналат). Иш стажы жана тажрыйбасы: -мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы бир жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; -илимий-педагогикалык иш стажынын болушу (артыкчылык болуп саналат). Жѳндѳмдүүлүк: -маалымат чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -жаңы эмгек шарттарына көнүү; -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана иш убактысын туура бөлүштүрүү; -башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу. 2. Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар: Кесиптик билим деңгээли: багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: -мамлекеттик башкаруу, экономика, коомдук-гуманитардык, медицина, физика-математикалык, юриспруденция, агрардык, табигый жана техникалык илимдер багыттары боюнча жогорку кесиптик билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талаптар коюлбайт. Жѳндѳмдүүлүк: -жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; -документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу; -кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; -жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо; -командада иштөө; -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу. Тандоого катышуу үчүн төмөнкүдөй иретте скоросшивателге (Дело №) көктөлгөн төмөнкү документтер берилет: -жеке арызы; -өмүр баяны; -сүрөтү бар резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); -нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү; -нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо); -окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); -соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт. Документтер 2025-жылдын 26-мартынан 4-апрелына чейин “Конкурска” деген белги менен көктөмөдө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссияга жөнөтүлөт, дареги: Бишкек ш., Чуй пр. 265а. Бардык суроолор боюнча (0312) 962050 телефонуна кайрылсаңыздар болот (иш күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө чейин). Кошумча маалымат төмөнкү сайттарда жайгаштырылган vak.kg Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппараты