КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн аппараты, ички кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже топтогу – 2  административдик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт

Кадрлар резервинин  кенже тобуна кирүү үчүн талаптар:

Кесиптик билим деңгээли :  Гуманитардык илимдер,  педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;
– иш стажына талаптар коюлбайт.

Жалпы мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын.

Предметтик мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:
1. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  1. Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  2. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. “Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. “Эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамы;
  6. “Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү.

Билгичтиги:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

-мамлекеттик жан/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— жарандардын кайрылууларын кароо жана жооптордун даярдоо;

— командада иштөө;

Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн ылдам тиккичте кийинкидей документтер тапшырылуусу зарыл:

– жеке арыз; (конкурстук комиссиянын атына)
– сүрөтү бар резюме (электрондук дарек кошо көрсөтүлөт);
– өмүр баян (соттуулуктун бар-жогу тууралуу маалымат көрсөтүлөт);
– негизги жана кошумча билимди ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;
– илимий даражаны же илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо);

– ИИМ соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
– паспорт көчүрмөсү (сыннакка келген учурда түп нускасы көрсөтүлөт).

Документтер 2025-жылдын 1-апрелинен тартып 13-апрелине чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары, Курбаналы Сабыров көчөсү №10. Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн имараты.

Сурап билүү телефону: 0771 30 09 89