Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын кенже тобун ээлөө үчүн кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.
Конкурстка катышуу үчүн 2025-жылдын 21-апрелинен тартып 14-май күнү кошуп (9:00-17:00) документтерди төмөнкү дарек боюнча алып келүү керек: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 120 дареги, каб. № 204 кадр бөлүмү, тел.: (0312) 66-32-97.
Документтердин толук пакетин тапшырбаган, ошондой эле коюлган талаптарга ылайык келбеген талапкерлер конкурска киргизилбейт.
Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн (негизги тест):
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү Нускама.
1. Кесиптик билим деңгээли:
– маалыматтык технологиялар жаатында жогорку кесиптик билим.
2. Стаж жана иш тажырыйбасы:
– иш стажына карата талаптарды коюусуз.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө»; «Электрондук башкаруу жөнүндө»;«Электрондук колтамга жөнүндө».
3.3. Көндүмдөрү:
— OC Windows (ар түрдүү версияларын) орнотуу жана кармоо тажырыйбасы;
– сервердик программалык камсыз кылуу орнотуу жана кармоо тажырыйбасы;
– таралган программалык камсыз кылууну (MS Office, 1С жана башка программаларды) билүү;
– тарамдык протоколдордун иштөө принциптерин, компьютердик тарамдарды куруу принциптерин билүү;
– ПК аппараттык бөлүгүн жана бузулууларды аныктоо жана четтетүү мүмкүнчүлүгүн билүү;
– аралыктык пайдалануучулар менен иштөө тажырыйбасы.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
— жеке арыз;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), резюме (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.