Кызыл-Суу айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүүгө   ачык сынак жарыялайт:

Кадрлар резерви — муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлерден турат.

Кадрлар резервинин максаты — административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялуу кадрларды тартуу

Талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар:

1.Кенже кызмат орду (К-А):

 мамлекеттик сатып алуулар, инвестиция тартуу жана жаштар маселеси боюнча жетектөөчү адис

         Кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку же орто кесиптик билим  —         (эсептөө техникасы жана информатикалык технологиялар, айыл чарбасы, экономика жана башкаруу, гуманитардык)

     

Стажы жана тажрыйбасы:

  • талап кылынбайт

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек: Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына  жазылган жеке арыз, резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), нотариустан күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган      документеринин көчүрмөлөрү, нотариустан күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү,  кадрлар боюнча өздүк баракча сүрөтү менен, илимий даражаны жана наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү,  паспорттун көчүрмөсү,

Белгиленген талаптарга  туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган  жаранды сынакка катыштырууга жол берилбейт.    Сынакка катышуу үчүн  керектүү документтерди  жарыя чыккан күндөн тартып  10 жумушчу  күн ичинде  (2025-жылдын  20-майынан  2-июнга чейин)   төмөнкү дарек  боюнча тапшыруу керек:   Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Манас-194 дареги 2-кабат, кадрлар бөлүмү