Административдик муниципиалдык бош кызмат оордуна кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
-
Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
-
18 аштан жогору;
-
Соттуулугу жок;
Мыйзамдарда белгилиенген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө: Улук административдик муниципиалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
- Бухгалтер башкы адис (У-Б), 1-бирдик
Кесиптик билимдин деңгээли:
- экономика жана менеджмент, финансы, салыктар, бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча жогорку кесиптик билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Профессионалдык компетенциясы
билүүсү талап:
- Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобо;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
жөндөмдөр:
- маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- аналитикалык жана стратегиялык документтерди даярдоо;
- тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
- коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- жаңы эмгек шарттарына көнүү
көндүмдөр:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
- башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
- компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде 2025-жылдын 13- майынан 27-майына чейин саат 8-30 дан 17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Чүй облусу, Сокулук району, Манас айылы, Школьная көчөсү 19а, Сурап билүү телефондор: 0551550181