Башкы кызмат орду:
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчысы
Коюлуучу квалификациялык талаптар:
Кесиптик билимдин деңгээли
1) тийиштүү багыттагы жогорку билим (эсептөө техникасы жана информатикалык технологиялар, экономика жана башкаруу, гуманитардык);
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3)Ошондой эле мыйзамдарды билүүсү
төмөнкүлөрдү билүү:
1)Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
2)Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;
4)Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 02 февралындагы № 24 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобо;
Улук административдик кызмат ордуна:
- социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- “Жер агрардык жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адис
- социалдык маселелер боюнча башкы адис;
- юрист башкы адис
Коюлуучу квалификациялык талаптар:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим;
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Ошондой эле мыйзамдарды билүүсү:
Социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
2)Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси;
3)Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»,
“Жер агрардык жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адис:
1)Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”;
2)Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө Мыйзамы;
3)«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Социалдык маселелер боюнча башкы адиси:
1) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы.
2)“Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамы;
3)”Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” мыйзамы.
Юрист башкы адис:
1) “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
3) Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси.
Кенже муниципалдык кызмат ордуна:
- коомдук копсуздук, өзгөчө кырдаалдар, экологиялык бузуулар, криминогендик кырдаалдарды көзөмөлдөө жана жер маселелери боюнча -жетектөөчү адис
- Компьютердик-технологиялар боюнча IT (санарип, СЭД, Е-кызмат жана башка) боюнча жетектөөчү адиси;
- кирешелер боюнча жетектөөчү адиси;
- кирешелер боюнча адиси;
- бухгалтер,чыгаша жана киреше боюнча адиси.
Коюлуучу квалификациялык талаптар:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим;
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш-стажына талап коюлбайт.
Ошондой эле мыйзамдарды билүүсү:
Коомдук копсуздук, өзгөчө кырдаалдар, экологиялык бузуулар, криминогендик кырдаалдарды көзөмөлдөө жана жер маселелери боюнча -жетектөөчү адис:
1) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”
2)Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: Жарандык коргонуу жөнүндө”
Компьютердик-технологиялар боюнча IT (санарип, СЭД, Е-кызмат жана башка) боюнча жетектөөчү адиси;
1)«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы.
2)Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамы
3)Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”
Кирешелер боюнча жетектөөчү адиси жана адиси;
1) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”
2)«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы.
Бухгалтер, чыгашалар жана киреше боюнча адиси;
1) Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамы;
2) “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамы;
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
-3х4 сурөт
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалым катты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү
Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) календарлык күндүн ичинде 2025-жылдын 16-майынан 2025-жылдын 26-майына чейин Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн №3 кабинетинде Ананьево айылы Ленин көч №120б дарегинде кабыл алынат.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар: (03943) 4-3-50; 0702294739