Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнү жарыялайт:
Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
1. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
2. Компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон программалык продуктуларды (Word, Excel) билүү, анын ичинде төмөнкү билгичтик:
— презентацияларды уюштуруу;
— издөө системаларын колдонуу;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
— веб-конференц-байланышты уюштуруунун тиркемелерин колдонуу;
— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.
1.Токой чарбасы багыты боюнча квалификациялык талаптар:
•Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— токой ресурстарын көбөйтүү жана кайра иштетүү багытында токой иши жана ландшафттык курулуш, токой чарбасы адистиктери; табият таануу илимдер багытында экология жана жаратылышты пайдалануу, биология, биоэкология, география адистиктери, экономика жана башкаруу багытында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча жогорку билим;
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 27-майындагы № 231 “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүү Концепциясын бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 10-февралындагы № 97 “Кыргыз Республикасынын токойлорунда жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежелерин, токой породаларынын өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн таксаларын жана Кыргыз Республикасынын токой каптаган аянтын баалоо үчүн ченемдерди бекитүү жөнүндө” токтомдору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо.
• Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— токой ресурстарын көбөйтүү жана кайра иштетүү багытында токой иши жана ландшафттык курулуш, токой чарбасы адистиктери; табият таануу илимдер багытында экология жана жаратылышты пайдалануу, биология жана биоэкология адистиктери боюнча жогорку билим;
— иш стажына талап коюлбайт.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын
10-февралындагы № 97 “Кыргыз Республикасынын токойлорунда жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежелерин, токой породаларынын өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн таксаларын жана Кыргыз Республикасынын токой каптаган аянтын баалоо үчүн ченемдерди бекитүү жөнүндө” токтомдору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы жөнүндө жобо.
2. Финансы-экономикалык багыты боюнча квалификациялык талаптар:
•Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
— экономика жана башкаруу багытында финансы, экономика, менеджмент, бухгалтердик эсеп жана аудит, салыктар жана салык салуу адистиктери боюнча жогорку билим.
Иш стажы талап кылынбайт.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-Б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобо”.
•Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
— экономика жана башкаруу багытында финансы, экономика, менеджмент, бухгалтердик эсеп жана аудит, салыктар жана салык салуу адистиктери боюнча жогорку билим;
— “мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик сатып алуулар боюнча ырастоочу серфикаттын болушу.
Иш стажы талап кылынбайт.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы”,
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2029-жылдын 30-майындагы № 243 “Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттип сатып алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489 “Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо.
3. Санариптештирүү багыты боюнча квалификациялык талаптар:
•Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— токой ресурстарын көбөйтүү жана кайра иштетүү багытында токой иши жана ландшафттык курулуш, токой чарба боюнча адистиктери; табият таануу илимдер багытында экология жана жаратылышты пайдалануу адистиги; эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар багытында информатика жана эсептөө техникасы, маалыматтык системалар жана технологиялар, колдонмо информатика, программалык инженерия, интернет технологиялар жана башкаруу адистиктери; геодезия жана жерге жайгаштыруу багытында геодезия жана аралыктык байкаштыруу, жерге жайгаштыруу жана кадастрлар адистиктери боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо.
•Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— токой ресурстарын көбөйтүү жана кайра иштетүү багытында токой иши жана ландшафттык курулуш, токой чарба боюнча адистиктери; табият таануу илимдер багытында экология жана жаратылышты пайдалануу адистиги; эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар багытында информатика жана эсептөө техникасы, маалыматтык системалар жана технологиялар, колдонмо информатика, программалык инженерия, интернет технологиялар жана башкаруу адистиктери; геодезия жана жерге жайгаштыруу багытында геодезия жана аралыктык байкаштыруу, жерге жайгаштыруу жана кадастрлар адистиктери боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо.
4. Токой жана токой аңчылык жайгаштыруу багыттары боюнча квалификациялык талаптар:
• Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— токой ресурстарын көбөйтүү жана кайра иштетүү багытында токой иши жана ландшафттык курулуш, токой чарбасы, жыгач даярдоо жана жыгачты кайра иштетүү өндүрүшүнүн технологиясы адистиктери; геодезия жана жерге жайгаштыруу багытында геодезия жана аралыктык байкаштыруу, жерге жайгаштыруу жана кадастрлар адистиктери; табият таануу илимдер багытында экология жана жаратылышты пайдалануу, биология, биоэкология, география адистиктери боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Мыйзамы;
− Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 “Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында Токой жайгаштыруу жүргүзүү тартиби”, 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 636 “Чарбалар аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2013-жылдын 13-августундагы № 458 “Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин жана жер фондунун башка категорияларындагы токой баскан аянттардын нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2002-жылдын 4-февралындагы № 47 “Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баалоосун (ченемдик баасын) жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө”, 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдору,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы жөнүндө жобо.
•Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— токой ресурстарын көбөйтүү жана кайра иштетүү багытында токой иши жана ландшафттык курулуш, токой чарбасы, жыгач даярдоо жана жыгачты кайра иштетүү өндүрүшүнүн технологиясы адистиктери; геодезия жана жерге жайгаштыруу багытында геодезия жана аралыктык байкаштыруу, жерге жайгаштыруу жана кадастрлар адистиктери; табият таануу илимдер багытында экология жана жаратылышты пайдалануу, биология, биоэкология, география адистиктери; эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багытындагы адистиктер боюнча жогорку билим.
Иш стажы талап коюлбайт.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 “Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы жөнүндө жобо.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди көктөмөдө (картон мукабалуу скоросшиватель) мамлекеттик тилде тапшыруу зарыл:
1) конкурска катышууга жеке арызы;
2) маалымкат-объектива (электрондук почтасын, телефонун жана сүрөт менен көрсөтүү менен мамлекеттик тилде);
3) өмүр баяны (соттуулугу жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
4) негизги жана кошумча (бар болсо), билимди тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
5) эмгек китепчесинин (эмгек стажы бар болсо) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же акыркы иштеген жери боюнча;
6) илимий даражасы жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (эгерде бар болсо);
7) паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.
Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана жашаган дареги так көрсөтүлүшү керек.
Документтер 2025-жылдын 30-июнунан тартып 13-июлуна чейин, саат 09.00 дөн 18.00 гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Бишкек ш., Чүй проспекти, 265 “а”, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы, (каб. 108, телефон: 0220618127, ишемби жана жекшембиден тышкары).
Түшкү тыныгуу саат 12.30 дан 13.30 га чейин.