Бакай- Ата районунун  Биримдик  айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде улук  кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Биримдик айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

  1. Административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө;

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
  • Соттуулугу жок;

2) 18 жаштан жаш болбоого;

3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

-2.Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификциялык талаптар:

Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку кесиптик билим (бардык багыттагы)

 

Стажы жана иш тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3  жылдан кем эмес иш стажы;

Административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

Негизги:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
    3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  • ”Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;

 

— билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билуу;

-компьютердик сабаттуулук жана керектуу программалык продуктыларды билуу (Word,Exsel, Санарип, СЕД, маалыматтык укуктук системасы)

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

-резюме;

-кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөт (4х6 2 даана)

-керектүү кесиптик билими, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчеси, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги  жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди birimdik-ao.gov.kg сайтка   чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн  ичинде саат 8-30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек.

Дареги: Бакай-Ата району, Ак-Дөбө  айылы,  Айдар  көчөсү б/н, Биримдик айыл өкмөтүнүн имараты, Моб. 0705 94 80 80, 0701 34 34 59;