Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде улук кызмат (өнөр жай, айыл чарба жана экономика сектор башчысы)  орунунун тобуна кадрлар резервине

киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

–административдик  кызмат улук тобун (өнөр жай, айыл чарба жана экономика сектор  башчысы) ээлөөгө.

 

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 21 жаштан жаш болбоого;

3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу (өнөр жай, айыл чарба жана экономика  сектор  башчысы) үчүн:

-Экономика жана башкаруу, юриспруденция, айыл чарба жана техникалык багыты боюнча жогорку кесиптик билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

-негизги тест үчүн:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын  “Эмгек Кодекси”;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Конституциялык мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын  кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 сандуу токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама:

Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу” мыйзамы;

 

 

предметтик тест үчүн

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамы:

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди билүү;

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн же документтин өзү негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– документтин өзү же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн  ичинде саат 9-30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек.

 

Дареги: Бакай-Ата району, Бакай-Ата  айылы,  Манас көчөсү №83, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын имараты,  4-кабат, 9-иш бөлмөсү Тел. /03457/ 3-22-13. Моб. 0703 20-24-86