Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттиги жарандар менен ачык диалогду камсыздоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында «Пикир» аттуу QR-код системасын ишке киргизди.
Эми ар бир кыргызстандык агенттиктин кызматтын ишине онлайн форматта баа берип, сунуш-пикир калтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
QR-кодду колдонуу тартиби абдан жөнөкөй:
Агенттиктин кире беришинде жайгашкан QR-кодду «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу сканерлөө;
Чыккан шилтемеге өтүп, тиешелүү кызматка баа берүү;
Өз сунуш-пикириңизди калтыруу.
Эмне үчүн маанилүү?
Ар бир билдирүү дароо катталат жана расмий документ катары эсептелет;
Тиешелүү адистер сөзсүз карап чыгып, зарыл учурда чара көрүшөт;
Жыйынтык тууралуу жаранга кайрадан маалымат берилет.
Жаңы мүмкүнчүлүктүн өзгөчөлүгү

«Пикир» системасы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү элдин талабына ылайыкташтырууга, кемчиликтерди ыкчам оңдоого жана сапатты жогорулатууга өбөлгө түзөт.