Сокулук районун З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык Административдик муниципалдык башкы жана улук кызмат орундарына ички кадрлар резервине киргизүү үчүн АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ: З.Кайназарова айыл өкмөтүнүн кадрдык резервине кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: Кыргыз Республикасынын жараны, 18 жаштан кем эмес. Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку билим; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жыдын 3-мартында №120 Токтому. Юрист, коомдук коопсуздук боюнча башкы адис кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды : “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралы ПЖ № 25 Жарлыгы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралы ПЖ № 24 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 “Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерине кошумча барак формасын жана Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майы № 252 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо. 4) адам ресурстарын башкаруу жаатында; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди; – билгичтиги: иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө; өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; – көндүмдөрү: аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку билим; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жыдын 3-мартында №120 Токтому. Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Жерге жайгаштыруу боюнча адис кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдары: Жер Кодекси, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо, Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо, Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО, “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Конкурска катышууну каалаган катышуучулар мамлекеттик «е-Kyzmat» порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат: өздүк арыз, (телефон номерин көрсөтүү менен), резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат көрсөтүү менен), жогорку же кесиптик билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жеринен, эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер иш стажы бар болсо), нотариалдык жактан же акыркы иштеген жери боюнча, илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо, нотариус тарабынан же персоналды башкаруу кызматы тарабынан иштеген жери), паспорттун көчүрмөсү(оригиналды сынакка келген маалда көрсөтүлөт). тел. 0553190507 ,0502798507 ЭСКЕРТҮҮ: Документтери коюлган талаптарга жооп берген талапкерлер гана ачык сынакка андан ары катышууга чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так болушу керек. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган сынактын катышуучулары тандоого катышууга жол берилбейт. Сынак өтө турган күнү жана жайы жөнүндө квалификациялык талаптарга жооп берген жарандарга кошумча билдиребиз. Жазуулар боюнча багыттоо Чүй райондор аралык эмгек, социалдык кымсыздоо жана миграция башкармалыгы ачык конкурс жарыялайт