Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин Квалификациялык талаптары Квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябырындагы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги №189 «Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 21-февралындагы №35 буйругунун негизинде иштелип чыккан. Муниципалдык административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарынын жалпы жобосу Кыргыз Республикасынын жараны болууга; Соттулугу жок; 18 жаштан жаш болбоого; Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамы; 3.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; 4.Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; 5.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; 6.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылары жөнүндө» Мыйзамы; 7.Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы; 8.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы; 9.Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; 10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама». 11.Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; 3.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; 4.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылары жөнүндө» Мыйзамы; 5.Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; 6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча» типтүү нускама. 7.Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөндөгү типтүү квалификациалык талаптар белгиленет Башчынын орун басары – жооптуу катчы (Б-А)-1 штат 1.Кесиптик билим деңгээли: -жогорку кесиптик билими; 2.Стажы жана иш тажрыйбасы: -мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы; 3.Профессионалдык компетенциялар: Билим: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ», «Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө», «Аксакалдар соттору жѳнүндѳ», «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жѳнүндѳ», «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ»; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлѳмдѳ мамлекеттик же расмий тилди билүү. Билгичтиги: -иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; -түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; -кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; -коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө; -өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; -ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; -чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; Көндүмдөрү: -аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; -түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); -маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөндөгү типтүү квалификациалык талаптар белгиленет: Финансы-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы (У-А) – 1 штат 1.Кесиптик билим деңгээли: – төмөнкү чөйрөдөгү билим: Экономика жана финансы, Бухгалтердик эсеп жана аудит, салыктар жана салык салуу жаатындагы жогорку билим; 2.Стажы жана иш тажрыйбасы: – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3.Профессионалдык компетенциялар: Билим: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатуулар жѳнүндѳ», «Бухгалтердик эсеп жѳнүндѳ»; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлѳмдѳ мамлекеттик же расмий тилди билүү. Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Инвестицияны тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис ( С-Б) – 1 штат 1.Кесиптик билим деңгээли: -төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку билим: Экономика жана финансы, Бухгалтердик эсеп жана аудит; 2.Стажы жана иш тажрыйбасы: -мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3.Профессионалдык компетенциялар: Билим: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, «Мамлекеттик сатуулар жѳнүндѳ» жана «Бухгалтердик эсеп жѳнүндѳ» кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлѳмдѳ мамлекеттик же расмий тилди билүү. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Киреше салыгы боюнча башкы адис ( У-Б) – 1штат 1.Кесиптик билим деңгээли: -төмөнкү чөйрөлөрдөгү билим: Экономика жана финансы, Бухгалтердик эсеп жана аудит, салыктар жана салык салуу жаатындагы жогорку билим; 2.Стажы жана иш тажрыйбасы: -мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3.Профессионалдык компетенциялар: Билим: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, Кыргыз Республикасынын Салык жана Салык эмес кирешелер жѳнүндѳ Кодекси; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлѳмдѳ мамлекеттик же расмий тилди билүү. Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Жер маселелери боюнча башкы адис ( У-Б) – 1 штат 1.Кесиптик билим деңгээли: -төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку билими: геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура, айыл чарба, агрономия, картография, юриспруденция курулуш, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жаатындагы билим; 2.Стажы жана иш тажрыйбасы: -мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3.Профессионалдык компетенциялар: Билим: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жѳнүндѳ», «Жайыттар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобо»; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлѳмдѳ мамлекеттик же расмий тилди билүү. Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышууну каалаган катышуучулар мамлекеттик «е-Kyzmat» порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат. -жеке арыз; -конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандырууга тиркелген форма боюнча резюме; -негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; -нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү; -илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); -паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); -туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү. 2025-жылдын 4-ноябрдан тартып 13- ноябрга чейин. Сурап билүү үчүн 0700 86-46-51 телефонуна кайрылсанар болот. Жазуулар боюнча багыттоо Сокулук районунун З.Кайназарова айыл өкмөтү ачык конкурс жарыялайт