Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;

  1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  2. 4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  3. 5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;

6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

  1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Электрондук башкаруу жөнүндө»;

1) кесиптик билимдин деңгээли:

  • тийиштүү багыттагы жогорку билим (Эсептөө техникасы жана информатикалык технологиялар, айыл чарбасы, экономика жана башкаруу, гуманитардык)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  • билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү

 

Сынакка  катышуу  үчүн  төмөндөгү  документтер  тапшырылат:

Конкурстук комиссиянын төрайымынын атына жазылган арыз; резюме (эл.почтаны көрсөтүү менен);өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө),

жогорку билими тууралуу дипломдун,эмгек китепкесинин көчүрмөсү  нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек, кадрлар боюнча өздүк баракча сүрөтү менен, паспорттун көчүрмөсү.

Берилген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жаранды сынакка катышууга жол берилбейт. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Жети-Өгүз району, Жаргылчак айыл аймагынын Даркан айылы, К.Данияров көчөсү 43, кадрлар бөлүмү.

Жаргылчак айыл өкмөтү.