Улук кызмат ордуна кадрлар резервине киргизүү үчүн төмөндөгү квалификациялык талаптар белгиленет: кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар, маалымат коопсуздугу, тейлоо сферасы); 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенциялары: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө »; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 4) жеке сапаттары: стресске туруктуулугу жана эмоционалдык жактан ийкемдүүлүгү; өзүнүн көз карашынын болушу жана аны жактай билүүсү; өзүн башкара билүүсү жана өзүнө ишенимдүү болуусу; ички маданиятынын жогорку деңгээлде болуусу; өзүнүн билимин дайыма өркүндөтүүгө; сынды туура кабыл алууга жана айланадагы болуп жаткан көрүнүштөрдү түшүнүүгө умтулуусу; толеранттуулугу. Жер жана агрардык маселелер боюнча башкы адис – (ваканттык) административдик улук кызмат орунуна ачык сынак жарыялайт: Улук кызмат ордуна кадрлар резервине киргизүү үчүн төмөндөгү квалификациялык талаптар белгиленет: кесиптик билимдин деңгээли: тиешелүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, автоматташтыруу жана башкаруу, техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштуруу жана гидромерология, архитехтура жана курулуш, токой ресурстарын кайталап ондуруу жана кайра иштетуу, геология, чалгындоо жана кендерди иштетуу багытындагы, экономика жана башкаруу). 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: – Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү 4) жеке сапаттары: стресске туруктуулугу жана эмоционалдык жактан ийкемдүүлүгү; өзүнүн көз карашынын болушу жана аны жактай билүүсү; өзүн башкара билүүсү жана өзүнө ишенимдүү болуусу; ички маданиятынын жогорку деңгээлде болуусу; өзүнүн билимин дайыма өркүндөтүүгө, сынды туура кабыл алууга жана айланадагы болуп жаткан көрүнүштөрдү түшүнүүгө умтулуусу; толеранттуулугу. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан негизги жана кошумча (бар болсо) билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү; – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Сынакка катышуу үчүн баардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккандан кийин 10 календарлык күндүн ичинде (01.12.2025-10.12.2025) төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Түп айыл өкмөтү, Боронбай көчөсү №10. Кошумча маалыматты: жооптуу катчы Ж.Т.Ишембаевадан алса болот, тел:0709289928) Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат. Жазуулар боюнча багыттоо Жаргылчак айыл өкмөтү улук кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт