Талас райондук мамлекеттик администрациясы улук тобундагы кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Административдик кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:

 

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга2) 21 жаштан жаш болбоого3) ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан Талас райондук мамлекеттик администрациясы  тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн (иш-кагаздар  тармагы боюнча)

Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, социалдык илимдер, тейлөө, техникалык жана гуманитардык илимдер багытындагы жогорку кесиптик билими;

Стажы жана иш тажрыйбасы:

Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы №127 сандуу “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускама.

 

Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын «Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын «Электрондук документ жана электрондук цифралык “колтамга жөнүндө” мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Жеке  мүнөздөгү  маалымат жөнүндө” мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» мыйзамы.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо,

-ишти натыйжалуу пландоо,

-калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу)

-аналитикалык документтерди талдоо;

-кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

-ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-командада иштөө

Көндүмдөрү:

иш кагаздарын жүргүзүүдөгү маселелерди натыйжалуу чечүү;

-аналитикалык документтерди иштеп чыгуу;

-мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу,

-мамлекеттик жана расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүүсү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

-өзүнүн арызы,

-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),

-өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), –акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү,

-акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо),

-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.

 

Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер “е-Куzmat” мамлекеттик вакансиялар порталы аркылуу https://kyzmat/gov.kg/ онлайн түрүндө өтүнмө жиберилет. Талас райондук мамлекеттик администрациясынын расмий веб-сайтына чыккан күндөн тартып 24-декабрь күнүнөн кечиктирбей онлайн түрүндө өтүнмө берүү зарыл. Онлайн түрүндө өтүнмө берүү жол-жобосу боюнча видеонускама менен танышуу сунушталат. Видеонускама төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү:

 

http://youtu.be/QURPIVrz_E?si=evFh70sfA4BojKr Байланыш телефондору: (03422) 58410.