Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Э.Н. Джантаев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Агенттиктин директору Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда калыптанган достук жана бир туугандык мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү багытындагы эки тараптуу кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолду.
Өз кезегинде Түркия Республикасынын Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем Түркиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын иштеши, муниципалитеттердин ролу, аймактарды өнүктүрүүдөгү тажрыйбасы жана жергиликтүү деңгээлде башкарууну күчөтүүгө багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Элчи Агенттик менен Түркия Республикасынын Президентине караштуу Адам ресурстарын башкаруу кеңсесинин (азыркы учурда — Түркия Республикасынын Президенттик Аппаратынын Башкы катчылыгынын Кадрлар жана принциптер боюнча башкы башкармалыгы) ортосунда 2024-жылдын 5-ноябрында кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумда каралган кызматташтык багыттарын ишке ашырууга түрк тараптын даяр экендигин билдирди.
Мындан тышкары, Агенттиктин директору аталган меморандумдун алкагында ишке ашырылып жаткан окуу программаларын, квалификацияны жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларды мындан ары да улантуу жана кеңейтүү боюнча сунуш киргизди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө жана практикалык багыттагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.