Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

  1. КыргызРеспубликасынынКонституциясы;
  2. «КыргызРеспубликасынынМинистирлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. КыргызРеспубликасынын «ЭмгекКодекси»;
  4. «Мамлекеттикжарандыккызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. «Жарандардынкайрылууларынкароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. «КыргызРеспубликасынынченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  7. «Кызыкчылыктардынкагылышуусу жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Мыйзамы;
  8. «Маалыматалууукугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  9. «Коррупциягакаршыаракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  10. КыргызРеспубликасынынӨкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар;

1. Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”;
2. Кыргыз Республикасынын “Суу кодексин”;
3. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
4. Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”;
5. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодекси”;
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси”;
7. Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;
8. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;
9. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
10.Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы;
11.Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;
12.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар:

1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
2. Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
3. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”;
4. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын;
6. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин;
7. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”;
8. Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”;
9. Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө»
10.Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Башкы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) Жогорку билим (баардык багыттагы);
2) Иш стажы жана тажрыйбасы;
– Жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик  чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар;
1) Баардык багыттагы жогорку билим:
– Улук кызмат орундары – жогорку билим;
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү жана төмөнкүлөрдү билүү:
– Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Билгичтиги:
Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
Аналитикалык документтерди даярдоо;
Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет
өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
Эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:
Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).

Конкурска катышууну каалаган адамдар мамлекеттик “e-Kyzmat” порталындагы жеке кабинет аркылуу (https://kyzmat.gov.kg/kg) электрондук форматта өтүнмөнү, белгиленген талаптарга туура келген электрондук документтерди жана маалыматтарды жарыя чыккан күндөн 10 күн ичинде тапшыра алат.

Эскертүү: Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Баардык квалификациялык талаптан өткөндөр конкурс өтүү үчүн чакырылат, уюлдук телефон номерин калтыруу зарыл.